Бажы төлөмдөрүнүн жыйымы 100 млрд сомдон ашты

Автор

Кыргызстанда жыл башынан бери Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 100,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү чогултулду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, план 108,2%га аткарылды же 7,7 млрд сомго көп чогултулду.

2022-жылдын 11 айына салыштырмалуу түшүүлөр 35,2 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 153,7%ды түздү.

Белгилей кетсек, бажы кызматы үчүн 2023-жылга кирешелер болжолу 94 млрд 635,9 млн сом суммада белгиленген. Бул план ушул жылдын 15-ноябрына карата толук аткарылды.

Бүгүнкү күнгө карата өзгөртүүлөр киргизилип, жылдык план 13 млрд сомго көбөйтүлүп, жыл аягына чейин 107,6 миллиард сом чогултуу планы коюлууда. Бул план жылдын аягына чейин аткарылышы күтүлүүдө.

Бажы төлөмдөрүнүн мындай көрсөткүчү бажы кызматынын тарыхында алгачкы жолу болду.

Мындай натыйжаларга жетүү үчүн бажы кызматы тарабынан бизнес процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарында өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, санариптик чечимдерди жайылтуу, контрабандага каршы күрөшүүнү күчөтүү, ошондой эле коррупциялык схемаларды жок кылуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Израил Палестинанын Батыш жээгиндеги шаарларга чабуул жасады

Израилдин коргонуу күчтөрү Иордан дарыясынын батыш жээгинде рейд жүргүзүп жатканын Катардын “Al Jazeera” телеканалы билдирди. Женин, Калькилья жана Хеброн шаарларын басып алууда.  Операциялар Наблус жана Салфиттин айланасындагы калктуу аймактарда да жүргүзүлүүдө. Шаарларда аскердик унаалар байкалып, камакка алуулар жүрүп жатат. Газа тилкесинде ХАМАС менен согуш башталгандан бери Израил бат-баттан Батыш Шериада […]

Сизге жагышы мүмкүн