Орусия Кыргызстанда  тогуз мектеп курат

Автор

Орус өкмөтү Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларына мектеп куруп берет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Орусиядан тартылган мугалимдердин айлык акысын орус тарап төлөйт. Ар бир мектеп 1 миң 200 окуучуга ылайыкталат. Бир мектептин сметалык баасы 550 млн. сомду түзөт.

Белгилеп кетсек, Орусия Кыргызстанда жалпысынан 9 мектеп курууну пландоодо. Аларда билим берүү орус тилинде жүргүзүлүп,  аттестаттар эки өлкөнүн үлгүсүндө берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Чолпон-Атада  "Европа Биримдиги-Борбордук Азия" экинчи саммити өтөт

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында “Европа Биримдиги-Борбордук Азия” экинчи саммити 2-июнда өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   “Саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары […]

Сизге жагышы мүмкүн