Окуучуларды таңкы бештен баштап окууга мажбурлашты

Автор

Индонезияда мектеп окуучулары таңкы бештен баштап окууга мажбур болушат.
Губернатор Виктор Лайскодат жетектеген Чыгыш Нуса Тенггара аймагынын жетекчилиги жаңы билим берүү саясатын ишке ашырып, мамлекеттик мектептерди “окуучулардын мүнөзүн калыптандыруу” үчүн окуу күнүн таңкы саат 5те баштоону талап кылды.
“Окуучулар саат 22:00дө уктап, таңкы саат 4:00дө ойгонсо болот. Алты саат уктоо жетиштүү”,-деди губернатор.
Жаңылык мектеп окуучуларына гана эмес, мугалимдерге да таасир этти. Облустук акыйкатчы губернаторду саясатты кайра карап чыгууга үндөдү, анткени жаңы эрежелер эч кандай мааниге ээ эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектеп директорлорун тандоо. Өлкөнүн 5 облусунда жеңүүчүлөрдүн тизмеси бекитилди

Өлкөнүн Талас, Жалал-Абад, Нарын, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси бекитилди. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Баткен облусу боюнча 36 ваканттык орундун 12сине, Жалал-Абад облусу боюнча 83 ваканттык орундун 27сине, Ысык-Көл облусу […]

Сизге жагышы мүмкүн