Өзбекстанда президенттик шайлоо аяктады

Автор

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо аяктады. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы  шайлоочулардын 69,85% добуш бергенин билдирди.

Бул Өзбекстандын тарыхында кезексиз өткөн алгачкы президенттик шайлоо болуп калды. Ага талапкер катары Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, «Адолат» социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушүкүр Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев катышты.

Шайлоо мыйзамына ылайык, добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктары 10 күндөн кечиктирбестен (19-июлда) жарыяланышы керек.

Эске салсак, БШКнын маалыматы боюнча, саат 17.00гө карата кезексиз президенттик шайлоого шайлоочулардын 69,85% катышып, 13 млн 459 миң 677 адам добуш берген.

Шайлоочулардын көбү Фергана облусунда добуш берди.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ: Бүгүн Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Бүгүн, 10-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырып, арыктарды жана дренаж каналдарды тазалоо керектигин эске салат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн