Палестина жана БУУ жардам сурады: Хамас бардык палестиналыктардын өкүлү эмес

Автор

Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС бардык палестиналыктардын мыйзамдуу өкүлү эмес. Бул тууралуу Палестинанын президенти Махмуд Аббас Венесуэланын президенти Николас Мадуро менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирди.
Аббас ошондой эле Газа тилкесиндеги жарандарга жардам берүүнү жана гуманитардык коридорлорду ачууну суранды. Ал Израилдин палестиналыктарга каршы агрессивдүү аракеттерин токтотууга чакырды.
Ошол эле учурда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилдин жетекчилигине кайрылды. Ал өлкөнүн жетекчилигин Газа тилкесине гуманитардык жүктөрдү жеткирүүгө уруксат берүүгө чакырды.
Гутерриш ошондой эле ХАМАС кыймылын Израилде барымтадагыларды бошотууга чакырды.
«БУУнун Башкы катчысы катары менин милдетим эки гуманитардык кайрылуу жасоо. ХАМАСка – барымтадагылар токтоосуз жана шартсыз бошотулушу керек. Израилге, Газанын карапайым калкынын кызыкчылыгы үчүн гуманитардык жүктөрдү тез жана тоскоолдуксуз жеткирүү үчүн»,-деди Гутерриш.
Анын айтымында, Газада суу, электр энергиясы жана башка маанилүү ресурстар түгөнүп баратат.

Бөлүшүү:
Next Post

Билим берүү министрлигине кошумча каражат берилбейт

Билим берүү министрлиги дагы 3.4 млрд сом кошумча каражат сурап жатат.  Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев “бул сумманы бере албайбыз. Бирок, кошумча каражат катары 600 млн сом бердик, калганын 2024-жылы караштырабыз”,-деди. Бирок, депутаттар билим берүүгө […]

Сизге жагышы мүмкүн