Кыргызстан боюнча жалпы 46 мамлекеттик дарыкана ачылат

Автор

Кыргызстан боюнча жалпы 46 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жайыл районунда мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасынын эки филиалын ачуу иш-чарасында билдирди.

Министр өз сөзүндө жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүү максатында мамлекеттик дарыканаларды ачуунун зарылдыгын жана маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, мамлекеттик дарыканаларда сапаттуу дары-дармектер жарактуулук мөөнөтүн эске алуу менен сатылат, эң негизгиси, бүткүл Кыргызстан боюнча “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында дары-дармектерге бирдиктүү баа базасы түзүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Роскосмостун жетекчисинин орун басары көз жумду

Роскосмостун жетекчисинин орун басары Максим Овчинников 40 жашында көз жумду.  Ал катуу оорудан жапа чегип жүргөндүгү тууралуу компаниянын экс-жетекчиси Дмитрий Рогозин билдирди. “Максим Овчинников катуу оорудан кийин каза болду. Таланттуу жаш экономист жана администратор. 2018-жылы мен аны “Роскосмос” мамлекеттик корпорациясына биринчи орун басарлыкка чакыргам. Буга чейин ал иштеген Федералдык монополияга […]

Сизге жагышы мүмкүн