Окуучуну сабап салган директорго чара көрүү сунушталды

Автор

Ош шаарында окуучуга кол көтөргөн мектеп директоруна чара көрүүнү бүгүн, 14-мартта парламенттин жалпы жыйынында сунушталды.
Бул тууралуу депутат Коргонбай Жусупбек уулу “Ош шаарындагы Ломоносов атындагы орто мектептин директору Динара Алмаматова 9-класстын окуучусу Ахмат кызы Даткайымды классынан сүйрөп чыгып, туура эмес форма кийип келгенсиң деп коридордо сабап салыптыр. Билим берүү министрлиги, укук коргоо органдары бул инцидент боюнча тез арада чара колдонушу керек. Бул эмне деген акмакчылык. Ушул сыяктуу чоң муштумдар билим береби”,- деп билдирди.
Бул окуя боюнча эл өкүлү ыкчам чара көрүлүп, териштирүү сунушу берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Чечектин (оспа) белгилерин билип алыңыз?

Чечек – бул вирус козгогон вирустук оору. Ал денеде кызыл бүдүрлөрдүн пайда болушу, кычышуу жана жалпы начарлоо менен мүнөздөлөт. Чечек аба аркылуу жугат жана көбүнчө балдарга таасир этет, бирок чоңдор да ооруп калышы мүмкүн. Чечектин көпчүлүк учурлары татаалдашпастан чечилет, бирок кээ бир адамдарда, айрыкча чоңдордо, кош бойлуу аялдарда жана иммундук […]

Сизге жагышы мүмкүн