Роскосмостун жетекчисинин орун басары көз жумду

Автор

Роскосмостун жетекчисинин орун басары Максим Овчинников 40 жашында көз жумду.  Ал катуу оорудан жапа чегип жүргөндүгү тууралуу компаниянын экс-жетекчиси Дмитрий Рогозин билдирди.

“Максим Овчинников катуу оорудан кийин каза болду. Таланттуу жаш экономист жана администратор. 2018-жылы мен аны “Роскосмос” мамлекеттик корпорациясына биринчи орун басарлыкка чакыргам. Буга чейин ал иштеген Федералдык монополияга каршы кызмат аны араң коё берди. Аны абдан баалашкан”,-деп жазды Рогозин Telegram баракчасына.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте «Жашыл экономика» форуму өтөт

Бишкекте 16-ноябрда «Жашыл экономика — 2023» форуму жана «Green EXPO — 2023» көргөзмөсү өтөт. Иш-чараны JIA бизнес ассоциациясы, Экономика жана коммерция министрлиги бир катар уюмдардын колдоосу менен өткөрөт. Форум «Дасмия» этно-комплексинде саат 9:00до башталат. Анда жашыл энергетика, жашыл транспорт, туруктуу каржылоо, түруктуу өнүгүү үчүн билим берүү маселелери талкууланат. Green Expo […]

Сизге жагышы мүмкүн