18-апрелге карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 18-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19… +24,
Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5… +10, күндүз +21…+26,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2… +7, күндүз +12…+17,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз + 13…+18.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +22…+24 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Азия кубогунда ойнойт

Бүгүн, 18-апрелде Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Азия кубогундагы оюндарга катышатт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди. Маалыматка ылайык, күн мурун “Бангкок Арена” стадионунда спортчулардын расмий машыгуулары болду. Азия кубогу – 2024 17-28 апрель күндөрү Таиландда өтөт. Тайпалык баскычта кыргызстандык футзалчылар Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен кездешет. Кыргызстандык футзалчылардын […]

Сизге жагышы мүмкүн