Дүйнөдөгү биринчи робот рестораны АКШда ачылды

Автор

Калифорниянын Пасадена шаарында дүйнөдөгү биринчи толук автономдуу CaliExpress рестораны ачылуу алдында турат. Мекеменин бардык кызматкерлери роботтордон турат. Гриль жана тамактарды кууруу толугу менен автоматташтырылган жана жасалма интеллект менен иштейт.
Жаңы ресторанда тамактануучулар экранда буйрутма беришет, анан роботтор жасап жатканын көрүшөт.
«Бизге белгилүү болгондой, бул дүйнөдөгү бардыгы автоматташтырылган биринчи ресторан.
Бул технологиялардын айкалышы революциялык компаниялардын көп жылдык изилдөөлөрдүн, иштеп чыгуулардын жана инвестициянын туу чокусу болуп саналат»,-деди Miso Robotics директорлор кеңешинин мүчөсү Жон Миллер.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз балбандары Эл аралык турнирде 7 медаль утту

Кыргыз балбандары Россияда өткөн эл аралык турнирде 7 медаль утту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары эмгек сиңирген машыктыруучу Анатолий Тарасовдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирге катышты. Турнир 21-декабрдан 23-декабрга чейин Россиянын Нижний – Тагил шаарында […]

Сизге жагышы мүмкүн