НАТОдо Швециянын желеги көтөрүлдү

Автор

Дүйшөмбү күнү НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасында Түндүк Атлантикалык альянстын расмий түрдө 32-мүчөсү болгон Швециянын мамлекеттик желегин салтанаттуу көтөрүү аземи болду.
НАТОнун штаб-квартирасы алдындагы аянтта, мүчө өлкөлөрдүн желектеринин арасында өлкөнүн гимни аткарылып жатканда Швециянын желеги көтөрүлдү. Швециянын гимни аткарылгандан кийин НАТОнун гимни жаңырды. НАТОнун өкүлү параллелдүү түрдө альянстын Монс (Бельгия) жана Норфолктогу (Виржиния, АКШ) штаб-квартирасында Швециянын желектери көтөрүлгөнүн жарыялады. Швециянын НАТОго кириши тууралуу протокол 7-марттан тарта расмий күчүнө кирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркиядагы мелдеште Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы 3-орунду ээледи

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Түркияда өткөн «Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan» аталышындагы спорттук күрөш боюнча эл аралык мелдешинин жыйынтыгы менен 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атамекендик спортчулар 1 алтын жана 2 коло медалга татыды. Биринчи орунга 166 упай менен […]

Сизге жагышы мүмкүн