Мигранттарга келишим мөөнөтү чектелиши мүмкүн

Автор

Россия Федерациясынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги мигранттар менен эмгек келишимин түзүүнүн максималдуу мөөнөтүн караган мыйзам долбоорун даярдады. Бөлүм аны эки жыл менен чектөөнү сунуштады.
«Чет өлкөлүк жаранга жумушка уруксат аны менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде, бирок, эки жылдан ашпаган мөөнөткө берилет»,-деп айтылат мыйзам долбоорунда.
Тиешелүү документ буга чейин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун федералдык порталында жарыяланган.
Жаңы укуктук норма иш берүүчүлөргө Россия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу түрдө жайгашкан 18 жашка толгон чет өлкөлүк жарандарды иштөөгө уруксат алган шартта уюштурууга укук берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандыктарга Орусияга барбай туруу айтылды

2024-жылдын 22 мартында Москва шаарындагы «Крокус сити холл» концерттик залында көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген террористтик актка жана Россиянын баардык аймактарында коопсуздук жана антитеррордук коргонуу чаралары күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу, Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү сунуштайт: Россия Федерациясына барууга жүйөлүү негизи жок жарандардын кошумча коопсуздук иш чаралары жана мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн […]

Сизге жагышы мүмкүн