Кыргыз балбандары Эл аралык турнирде 7 медаль утту

Автор

Кыргыз балбандары Россияда өткөн эл аралык турнирде 7 медаль утту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары эмгек сиңирген машыктыруучу Анатолий Тарасовдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирге катышты. Турнир 21-декабрдан 23-декабрга чейин Россиянын Нижний – Тагил шаарында өткөн.
Мелдештин жыйынтыгында спортчулар 7 медалга ээ болушту:

63 кг салмакта Сабит Шамшединов – алтын;
130 кг салмакта Рустам Садыков – алтын;
55 кг салмакта Смадияр Жумакадыров – күмүш;
97 кг салмакта Нарту Абдурахманов – күмүш;
67 кг салмакта Чолпонбек уулу Сыймык – коло;
67 кг салмакта Динмухамед Бегелдиев – коло;
72 кг салмакта Сүймөнкул Икрамов – коло.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө чектөө киргизилет

Жаңы-жылды майрамдоо максатында 30-декабрдан 1-январга чейин (кошкондо) Бишкектин борбордук көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилип, унаа токтотууга тыюу салынат. Шаардык мэриядан билдиришкендей, төмөнкү көчөлөрдө чектөө киргизилет: Чүй проспектиси (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 2023-жылдын 30-декабрында саат 14:00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07:00гө чейин жабылат. Киев көчөсү (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 2023-жылдын […]

Сизге жагышы мүмкүн