“Ак шумкарлар” Вьетнам курамасын утуп алды

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Вьетнам менен контролдук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Оюн «Ак шумкарлардын» 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында Дохадагы Al Egla машыгуу талаасында орун алды.
Беттештин 31-мүнөтүндө Кожо Жоэл оюндун эсебин ачты. Ал эми атаандаштар оюндун 63-мүнөтүндө эсепти теңөөгө жетишти. Бирок, Азар Акматов жооптук гол киргизип (75’), кайрадан команданы алдыга алып чыкты. Ошентип, оюн 2-1 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.
Белгилей кетсек, беттеш машыгуу мүнөздө өтүп, расмий статуска ээ болгон жок. Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин оюнчулары үчүн бул контролдук беттеш турнирге болгон даярдыктын алкагындагы акыркысы болду.
Команданын 2023-жылкы Азия Кубогунда старттык оюну 16-январда Таиландка каршы өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров Түркиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгиледи. Ошону менен бирге тараптар Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга пландалып жаткан сапарын, ошондой эле […]

Сизге жагышы мүмкүн