Сүйүнчү! Акжол Махмудов Азиянын үч жолку чемпиону болду

Автор

Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында жеңүүчүсү болду.

Турнир 9-апрелде Казакстандын Астана шаарында старт алган.

Махмудов 77 кг салмак категориясында күч сынашып, өз жолун 1/4 финалдан баштаган. Анда түркмөнстандык атаандашын утуп алган. Жарым финалда Махмудов жапониялык каршылашын утуп, финалга жолдомо алды.

Ал эми чечүүчү беттеште Махмудов ирандык балбан менен беттешмек. Бирок аталган атаандашы жаракатына байланыштуу килем үстүнө чыккан жок.

Ошентип, Акжол Махмудов үчүнчү жолу Азия чемпиону аталды. Буга чейин 2018-2022-жылдары алтын байге тагынган.

77 кг

1/4 финал

Акжол Махмудов – Жейхун Овездурдыев (Түркмөнстан) – 9:0

1/2 финал

Акжол Махмудов – Кодай Сакураба (Жапония) – 9:1

Финал

Амин Явар Кавиянинежад (Иран) – Акжол Махмудов – атаандашы беттешүүдөн баш тартты.

Бөлүшүү:
Next Post

Роналдиньонун уулу «Барселона» клубунда  дебют жасады

Бразилиялык мыкты футболчулардын бири Роналдиньонун уулу Жоао Мендеш жолдоштук беттеште  «Барселона» клубунун  жаштар курамасында дебют жасады.  Анын дебюту Жирона шаарында өтүп жаткан Эл аралык Жер Ортолук деңиз кубогунда ишке ашты. Жоао Мендес буга чейин ПСЖ, Крузейро жана Фламенго академияларында болгон. Ал март айында “Blue Garnet” жаштар командасы менен келишим түзгөн. […]

Сизге жагышы мүмкүн