Жапаров Түркиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

Автор

Президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгиледи.
Ошону менен бирге тараптар Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга пландалып жаткан сапарын, ошондой эле анын алкагында эки тараптуу стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүүнү талкуулашты.
Соода-экономикалык кызматташтык тууралуу айтып жатып, Мамлекет башчысы Анкара шаарында өтө турган кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын экономикалык күн тартибин алдыга жылдыруу боюнча жыйынынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мындан тышкары, тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү, анын ичинде саламаттыкты сактоо, энергетика жана каржы сектору, ошондой эле аймактык коопсуздук жаатындагы бир катар башка маселелерди талкуулашты.
Өз кезегинде Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, эки өлкө лидерлеринин биргелешкен аракеттери менен акыркы жылдары өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүдө олуттуу натыйжаларга жетишилди.
Жолугушуунун соңунда Мамлекет башчысы Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга жылуу саламын жолдоду.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда күрүч кымбаттады

Былтыркы ушул убакыттан 2024-жылдын 8-январына чейин Кыргызстанда күрүчтүн орто даны 48,56 сомго, узун даны 21,27 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирүүдө. Белгилей кетсек, Кыргызстан күрүчтү беш өлкөгө экспорттоп, 13 өлкөдөн импорттойт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн