УЕФА сезондун мыкты оюнчусу наамына талапкерлерди атады

Автор

Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги сезондун мыкты оюнчусу жана сезондун мыкты машыктыруучусу номинациялары үчүн кыска тизмелерди жарыялады. Ар бир сыйлыкка үч талапкер кирген.

УЕФАнын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү сыйлыкка талапкер болгон футболчулардын арасында «Пари Сен-Жермендин» мурдагы оюнчусу Лионель Месси, Эрлинг Холанд жана Кевин Де Брюйне (экөө тең «Манчестер Сити») бар.

 

Машыктыруучулук сыйлыкка талапкерлердин арасында Ман Ситинин машыктыруучусу Хосеп Гвардиола, Наполинин мурдагы машыктыруучусу Лучано Спаллетти жана Сериянын дагы бир өкүлү, Интердин Симоне Индзаги бар.

Эске салсак,  сыйлыктардын ээлери 31-августта Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чүчү кулак тартууга арналган иш-чарада аталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент кызын эң жогорку кызматка дайындайбы?

Өзбекстандын президентинин администрациясында администрация башчысынын кызматы жоюлду.  Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койду. Жарлыктын негизинде  Умурзаков Сардор Уктамович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин өзгөчө иштер боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Президенттик администрациянын жаңы иерархиясында биринчи жардамчысы эң жогорку кызматка айланат. “Озодлик” радиосу Өзбекстан өкмөтүндөгү атын атабаган булактарга таянып билдиргендей, бул […]

Сизге жагышы мүмкүн