Украин аскерлери күрөк менен согуша турганын айтышты

Автор

Украин армиясынын куралы түгөнүп калса, жоокерлер күрөк менен салгылашат. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба билдирди.
«Куралыбыз түгөнүп калса күрөк менен күрөшөбүз. Анткени Украина үчүн улуттун бар болушу коркунучта»,-деген Кулеба Россия менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн четке какты.
Анын айтымында, Москва менен диалог үчүн Украина согуш талаасында алда канча күчтүү позицияда болушу керек.
Кулебанын айтымында Киевге аскердик жардамды каржылоо НАТО менен Россиянын ортосундагы тирешүүнүн алдын алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Февралда аба ырайы кандай болот?

Кыргызгидромет агенттиги февраль айында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болорун божомолдоп жатат. Ага ылайык, келерки айда жаан-чачындын айлык көлөмү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында нормага жакын, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында климаттык нормадан арбын болору күтүлүүдө. Чүй облусу Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 […]

Сизге жагышы мүмкүн