Владимир Зеленский  саммитте: “Украина НАТОну күчтүү кылат”

Автор

Владимир Зеленский Вильнюста Украинанын тарапкерлерине кайрылуу жасады

Украинанын президенти Владимир Зеленский  НАТОнун саммитинде  сөз сүйлөп, өлкөсүнө мүмкүн болушунча тезирээк Түндүк Атлантика альянсына кирүүгө уруксат берүү чакырыгын кайталады.

“Мен  бүгүн бул жерге чечимдерге ишенүү менен  өнөктөштөргө, күчтүү НАТОго ишенүү менен келдим. Кооптонбогон, убакытты текке кетирбеген жана эч кандай агрессорду карабай турган НАТОго келдим. Мен бул ишенимдин ишке ашышын каалайт элем.  Биз татыктуу чечимдерге болгон ишенимде турабыз – биз баарыбыз татыктуубуз жана биздин ар бир жоокерибиз, ар бир жараныбыз, ар бир энелерибиз, балдарыбыз күтүп жатышат. Бул өтө эле чоң  каалообу? ” – деп цитата келтирет Украинанын мамлекеттик Liga net басылмасы.

Зеленский “НАТО Украинага коопсуздукту берет, ал эми Украина НАТОну күчтүү кылат” деп кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

"Сапат" биринчиликти быйыл да берген жок

Республикалык ЖРТдан “Сапат” билим берүү мекемелери быйыл да, алдыңкы  орунду ээледи. Мындай көрүнүш лицейлердеги билимдин сапатынан, нагыз педагогикалык мамиледен жана жогорку деңгээлдеги тарбиядан кабар берет. “Сапат” быйыл да, салтты бузбай, өлкөбүздөгү билим берүүнүн флагманы катары коомчулуктун дагы бир ирет купулуна толду. Бир мекемеден 9 окуучунун ийгилик жаратканы “Сапатка” гана таандык […]

Сизге жагышы мүмкүн