Өзбекстандын биринчи президентинин уулу мурдагы биринчи айымды сотко берди

Автор

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун уулу Петр Каримов мурдагы биринчи айым Татьяна Каримованы сотко берди.  Алар мурас боюнча сотко кайрылышат.
Биринчи инстанциядагы соттук отурум 26-июнга саат 10:00гө Жарандык иштер боюнча Яккасарай райондор аралык сотуна дайындалды.
Петр Ислам Каримовдун  Наталья Кучми менен биринчи никесинен уулу.  Алардын никеси 1969-жылы аяктаган.  Бул тууралуу расмий маалымат Ислам Каримов каза болгондон кийин гана белгилүү болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Айчүрөк Назаралиева акыйкатчынын орун басарлыгына сунушталды

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитетинин жыйынында акыйкатчынын орун басары кызматына Айчүрөк Назаралиеванын талапкерлиги сунушталды. Комитетке мүчө депутаттар талапкерди колдоп, аны парламенттин жалпы отурумуна көрсөтүүгө макулдук беришти. Айчүрөк Назаралиева 1975-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 1998-жылы Кыргыз улуттук университетин «укук таануу» адистигинде аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы […]

Сизге жагышы мүмкүн