Путин Украинанын чабуулу башталганын жарыялады

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын каршы чабуулу эбак эле башталганын билдирди. Анын айтымында, Украина фронттун бир дагы тармагында өз максаттарына жеткен жок.
Россия Федерациясынын президенти белгилегендей, украин күчтөрүнүн каршы чабуулу башталганын стратегиялык резервдерди колдонгону далилдеп турат. Путиндин айтымында, украин аскерлеринин жоготуулары көп, бирок, чабуул коюу мүмкүнчүлүгү сакталууда.
Президент Россиянын курал-жарак өндүрүшү дагы эле жетишсиз экенин моюнга алып, коргонуу өнөр жайы бул көйгөйлөрдү чечет деген үмүтүн билдирди.
Бирок украин бийликтери толук масштабдуу чабуул башталганын ырастай элек.

Бөлүшүү:
Next Post

“Алтын топ -2023”: Сыйлык тапшыруу  датасы белгилүү болду

Дүйнөнүн мыкты футболчусуна бериле турган «Алтын топ»  сыйлыгын тапшыруу аземинин датасы белгилүү болду. Бул тууралуу  “France Football” журналынын Twitter баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, 2022/23-сезондун мыкты футболчусуна “Алтын топту” тапшыруу аземи 30-октябрда Париждеги Шателет театрында өтөт. Мыкты футболчу наамына 30 талапкердин тизмеси 6-сентябрда жарыяланат. 2022-жылы франциялык чабуулчу Карим Бензема карьерасында биринчи […]

Сизге жагышы мүмкүн