Президентке гранатомет жана асыл таштардан жасалган карта берилди

Автор

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко Гомелдеги артиллериялык курал базасына барып, анын иши менен таанышты.
Сапардын соңунда мамлекет башчысына көп жолу колдонулуучу РПГ-7 үлгүсүндөгү танкка каршы гранатомет белекке берилди.
Бул гранатомет 1961-жылдан бери чыгарылып келе жатат жана танктар, өзү жүрүүчү артиллерия менен күрөшүү үчүн иштелип чыккан.
Беларусь лидери бир күндө дагы эки белек алды. «Кристалл» өндүрүштүк бирикмесине барганда ага алтын жалатылган күмүш жана бриллиант менен жасалган Беларустун картасы тартууланды. Картада ар кандай өлчөмдөгү асыл таштар өлкөнүн борбору Минскти жана ири шаарларды көрсөтүп турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров менен Түмөнбаев жоопко тартылышабы?

“Акылбек Жапаров уюшкан кылмыштуу топтор менен мамиле кылып, чай ичишкен, бирге баскан жана бирге иштеген болсо, мен аны жоопко тартканга макулмун. Бирок, ал 3 жылдан бери биз менен иштеп атат, алар менен эч кандай байланышы жок”,- деп айтты УКМК төрагасы УКМКнын Панфилов району боюнча жаңы салынган имаратын ачып жатып. “Ал […]

Сизге жагышы мүмкүн