New-York шаарында Египеттик бир сатуучуну кемсинтип, “биз 4 миң Палестиналык балдарды өлтүрсөк да, эмне болот, билесиңби? Бул биз үчүн жетиштүү болбойт”,- деген АКШ президентинин мурдагы кеңешчиси Стюарт Селдович камакка алынды. Еврей тектүү экс-кеңешчи 64 жашында, ал Барак Обаманын кеңешчиси болуп иштеген.