Түркиядагы мелдеште Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы 3-орунду ээледи

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Түркияда өткөн «Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan» аталышындагы спорттук күрөш боюнча эл аралык мелдешинин жыйынтыгы менен 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, атамекендик спортчулар 1 алтын жана 2 коло медалга татыды.
Биринчи орунга 166 упай менен Иран чыкса, экинчи орунду 107 упай менен Түркия, Кыргызстан 97 упай алып, 3-орунга чыкты.
Бул мелдеште Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын медаль, Афтандил Таалайбек (63 кг) жана Үзүр Жусупбеков коло байге утту.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектеп директорлорунун сынагына документтерди кабыл алуу башталды

Мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт. Талапкерлер керектүү документтерде 2024-жылдын 11-мартынан 28-мартына өзүнүн жеке электрондук почтасы (башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт: Баткен облусу – konkurs7.batken.ob.2024@gmail.com Жалал-Абад облусу […]

Сизге жагышы мүмкүн