Си Цзиньпин иш-сапары менен Францияга барат

Автор

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин май айынын башында Францияга иш сапары менен барып, ал жерде президент Эммануэль Макрон менен жолугушмакчы. Сапардын максаттарынын бири – Украина боюнча алдыдагы тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Россия менен бир столго отурууга Европаны көндүрүү. Бул коронавирус пандемиясынан кийинки биринчи сапар болот.
Кытай лидеринин визити Париж менен Пекиндин ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 60 жылдыгына туш келип жатат.
Кытай Европаны Швейцарияда өтө турган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө Россиянын катышуусунун зарылдыгына ынандырууга аракет кылат. Антпесе Пекин аларга бойкот жарыялайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Балыкчы – Каракол унаа жолу 2026-жылга чейин бүткөрүлөт

Балыкчы-Каракол унаа жолу 2026-жылга чейин курулуп бүтөт. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бир күн мурун облус жетекчиси Уланбек Далиев жолдун курулушунун жүрүшүнө көзөмөл жүргүзгөн. “Текшерүүдө Далиев бул инфраструктуралык долбоордун облустун калктуу конуштарынын ортосундагы транспорттук каттамдардын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле экономиканы […]

Сизге жагышы мүмкүн