ИДП 3.3%га жогорулап 677 млрд сомду түздү

Автор

Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоолор боюнча, 2023-жылдын январь-августунда ѳткѳн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 3.3%га жогорулды жана 677 млрд ашык сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

ИДПнын өсүүсү товардык өндүрүш, жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 1.2%, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4.5% өстү.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52.8%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 0.2% пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 28.5% түзүп, 3.6% пунктка тѳмѳндѳгѳн. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1.9% пунктка, айыл чарбасы 1.4% пунктка жана курулушта 0.1% пунктка төмөндөгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Орусиялык спортчулар Олимпиадага  жеке мүмкүнчүлүктөрү менен бара алышат

Орусиялык спортчулар 2024-жылы өтө турган  Олимпиада оюндарына  жеке мүмкүнчүлүктөрү менен бара алат. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал муну профессионал спортчуларга жогорку деңгээлде кармап туруу үчүн керек экендиги менен түшүндүргөн. «Албетте, биз спортчуларыбыздын деңгээлин кармап турушубуз керек, муну эл аралык мелдештерсиз ишке ашыруу мүмкүн эмес. […]

Сизге жагышы мүмкүн