Орусиялык спортчулар Олимпиадага  жеке мүмкүнчүлүктөрү менен бара алышат

Автор

Орусиялык спортчулар 2024-жылы өтө турган  Олимпиада оюндарына  жеке мүмкүнчүлүктөрү менен бара алат. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Ал муну профессионал спортчуларга жогорку деңгээлде кармап туруу үчүн керек экендиги менен түшүндүргөн.

«Албетте, биз спортчуларыбыздын деңгээлин кармап турушубуз керек, муну эл аралык мелдештерсиз ишке ашыруу мүмкүн эмес. Анткен менен бул оюндарга жеке катары катыша турган спортчулар болот. Мен буга ишенем, ушундай жол менен катышкыла», – деп билдирди Песков.

Ошол эле учурда мамлекет башчынын басма сөз катчысы учурда эл аралык сынактарды өткөрүүнүн альтернативдүү форматтарын издөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандан 230га жакын абитуриент Сибирдеги жогорку окуу жайларга тапшырды

Кыргызстандан 229 абитуриент 2023-2024-окуу жылында Горно-Алтайск, Омск жана Томск шаарларындагы жогорку окуу жайларга тапшырышты, алардын 203ү бюджеттик негиздеги окууга өткөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле КРнын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен 3-7-июлда Кыргызстанда жогорудагы […]

Сизге жагышы мүмкүн