Бүгүн Бишкекте  КМШ ПААнын күзгү сессиясы өтөт

Автор

16-17-ноябрында Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясы өтөт.

Сессиянын алкагында КМШ ПААнын Кеңешинин отуруму, КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны, КМШ жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын отуруму өтөт. Андан тышкары, Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча, Социалдык саясат жана адам укугу боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын жыйындары болот.

Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери жана депутаттары КР Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияларга катышат.

Белгилей кетсек, Бишкекке Азербайжандан, Армениядан, Беларустан, Казакстандан, Россиядан, Тажикстандан, Өзбекстандан делегациялардын келиши күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекке Россия Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко келди

Кыргызстанга Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко баштаган делегация келди. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Россия Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин делегациясын «Манас» эл аралык аэропортунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды. Белгилей кетсек, 16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген мамлекеттердин […]

Сизге жагышы мүмкүн