Бүгүн “Бир окуучу — бир көчөт” акциясы башталды

Автор

Республиканын билим берүү мекемелеринде “Бир окуучу — бир көчөт” акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, иш-чара “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында үстүбүздөгү жылдын март айында башталган.

 

Акцияга ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер катышып, билим берүү мекемелеринин айланасына жаш көчөттөрдү отургузууда. Жашылдандыруу иштери сабактан кийин жүргүзүлүүдө.

 

Сүрөттө: Сокулук райондук жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары.

Бөлүшүү:
Next Post

 Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

Азиянын бешинчи ирет чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова жеңишинен кийин үн катып, жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди. Ал социалдык тармактагы баракчасына калтырган билдирүүсүнө кубанып, ошол эле кезде сыймыктанып тургандыгын айтты. “Мен үчүн жеңишти көздөй бет алуу узак жана татаал жол болду… жылдын өзү дагы көп сыноолор менен коштолду. Мени колдоп, мага ишенгендердин […]

Сизге жагышы мүмкүн