Профсоюз уюму эки депутатты сотко берди

Автор

Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаы Шайлообек Атазов тастыктады.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан кесиптик кошуундар Жогорку Кеңештин 2 депутаты, Шайлообек Атазов менен Чолпон Султанбекованы сотко беришкен. Депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө негизсиз каралоого жол берилгени айтылган. Аталган тармакты депутаттык комиссия эки жылдан бери иликтеп, 32 жылдан бери сатылып келаткан жүздөн ашык объекттерди жана жерлерди таап чыккан. Өткөн жумада президент профсоюздун  жетекчилерине нааразычылык билдирип, “силерди камап салса, жарашат”,- деп урушкан. Ал эми айрым маалыматтарда Республикалык кесиптик кошуундарды прокуратура текшерип баштады деп айтылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенде чек арачыларга жаңы үйлөрдүн ачкычы тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек арачыларга кызматтык үйлөрдү тапшырды. Бул ирет жаңы үйлөр Баткендеги “Кулунду” заставасындагы чек арачыларына берилди. Атайын кызматтан билдиришкендей, чек арачылардын турак-жай комплекси 30 батирлүү болуп, турмуш-тиричилик техникалары менен толугу менен камcыздалган, Мындан сырткары, балдар ойноочу аянтча жана башка бардык шарттары […]

Сизге жагышы мүмкүн