Бишкекте II Элдик курултай башталды

Автор

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өз ишин баштады.
Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700дөй делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.
Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.
Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат. Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат Марлен Маматалиев Туунун өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди

“Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев талаш – тартыш жаралып жаткан туунун өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди. Ал мындай дейт: “Кайсы мыйзам болбосун, ал 3 окууда өтөт. Эми, ачыгын айтып коюшум керек, желектин маселеси парламентке келгенде авторлор “1-окуудан өткөрүп бергиле” деп суранды. Биз да макул дедик. Бирок, алар 2-окууга келгичекти элдер менен […]

Сизге жагышы мүмкүн