Бүгүнкү “Кыргызстан – Таиланд” беттешин иорданиялык калыс тейлейт

Автор

2023-Азия Кубогунун Таиланд-Кыргызстан беттешинде калыстар бригадасын иорданиялык ФИФА калысы Адхам Мухаммад жетектейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Адхам Мухаммедке каптал сызыктарда анын мекендештери – Мухаммад Мустафа жана Ахмад Муанесс жардам беришет. Ким Хенг (Корея) резервдик арбитр болуп дайындалган.
VAR-системасында БАЭлик адистер Адел Али жана Хасан Мохамед иштешет.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Таиланддын футбол боюнча улуттук курама командаларынын старттык оюну бүгүн, 16-январда Катардагы “Абдулла бин Халифа” стадионунда өтөт.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да старт алат.

Бөлүшүү:
Next Post

ИИМ журналисттердин үйүн тинтүү боюнча маалымат таратты

Милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагын мониторинг жүргүзүү учурунда “Айт Айт Десе” жана Temirov Live аталышындагы социалдык баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жазаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, аталган маалымат боюнча иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат […]

Сизге жагышы мүмкүн