Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку чемпиону болду

Автор

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышты. Ал алгач өзбекстандык Дильфуза Аимбетованы 4:0 эсебинде утуп, жарым финалга көтөрүлдү. Анда кыргыз кызы япониялык Нонока Озакиге каршы килемге чыкты. Тыныбекова кармаш башталганда эки упай ала алды, бирок Озаки акырындык менен эсепти 2:2ге айлантканга үлгүрдү. Бирок кыргыз спортчусу эки упайлык ыкма жасагандыгы үчүн жеңиш ага берилди.

Алтын үчүн кармашта Тыныбекова монголиялык Орхон Пуревдорж менен күрөшүп, жеңишти 9:4 эсебинде илип кетти.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы, 2017-жылы, 2019-жылы жана 2021-жылы Азия чемпионатында алтын байге алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Си Цзиньпин армиясына согушка машыгууну буюурду

Кытайдын башчысы ушул жумада Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында болуп, Кытайдын Элдик боштондук армиясынын күжүрмөн командачылыгынын түштүк аймагынын деңиз күчтөрүн текшерди. “Мындай даярдыктын деңгээлин жана чыныгы күжүрмөн жөндөмдүүлүктү жогорулатуу зарыл”,-деп жыйынтыктады Си Цзиньпин. Кытай лидери ошондой эле аскерлерди башкарууну күчөтүп, аскерлердин коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу керектигин кошумчалады. Эске салсак, Си […]

Сизге жагышы мүмкүн