Париж -2024: Орусиялык фехтование боюнча спортчулар Олимпиада оюндарына катышпайт

Автор

Орусиялык фехтование боюнча спортчулары 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына катышпайт. Спортчулар Олимпиада оюндарынын акыркы тандоо турнирине келген жок.
“Тилекке каршы, россиялык же беларусиялык спортчулар болбойт”, – деп Европа фехтование конфедерациясынын президенти Джорджио Скарсо билдирди.
2024-жылкы Олимпиада оюндарына Европанын акыркы квалификациялык турнири Люксембургда 26-28-апрель күндөрү өтөт. Фехтование боюнча спортчулар Париждеги оюндарга калган алты жолдомо үчүн ат салышат.
Буга чейин Эл аралык фехтование федерациясынын конгресси орусиялык жана беларусиялык спортчуларды эл аралык мелдештерге бейтарап статуста кайтаруу чечимин кабыл алган.

Бөлүшүү:
Next Post

27-апрелге карата аба ырайы

27-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда күн күркүрөйт, жаан жаап, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22; Ысык-Көл облусунда […]

Сизге жагышы мүмкүн