Битумдар келип баштады

Автор

Эми Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 70 миң тонна битумду ортомчусуз заводдон сатып алат. Бул деген жол оңдоо же, жол салууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү дегенди билдирет.

Битумдар боюнча келишим Орусиялык “Роснефть Битум” заводу менен түзүлгөн.

Белгилүү болгондой, 1 жыл ичинде БНД 60/90 маркасындагы битум Казакстандын «Турксиб» станциясына чейин баасы тоннасына 205 доллар болот.

Жакындан бери «Pozitiv Stream»  жана «Альфа Ойл»  компаниясынан сатып алынган битумдар сактоочу жайларга келип баштады.

Март айынан бери 3000 тонна битум келди. 2 жылдын ичинде 70000 тонна битум келиши керек.

Бөлүшүү:
Next Post

 Сүйүнчү! Акжол Махмудов Азиянын үч жолку чемпиону болду

Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында жеңүүчүсү болду. Турнир 9-апрелде Казакстандын Астана шаарында старт алган. Махмудов 77 кг салмак категориясында күч сынашып, өз жолун 1/4 финалдан баштаган. Анда түркмөнстандык атаандашын утуп алган. Жарым финалда Махмудов жапониялык каршылашын утуп, финалга жолдомо алды. Ал эми чечүүчү беттеште Махмудов ирандык […]

Сизге жагышы мүмкүн