Жогорку окуу жайга тапшыруунун босого баллы  белгиленди

Автор

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллы белгиленди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

Ал эми педагогика багыттары боюнча бюджеттик орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы – 115, предметтик тест – 60 болуп бекиди.

Педагогика багыттарына келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 110, предметтик тест – 60 балл.

I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кабыл алуу үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) бюджеттик орундарга негизги тест -105, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест -100 балл болуп бекитилди.

Эскерте кетсек, жогорку окуу жайлардын кабыл алуу жана гранттык комиссиялары мамлекеттик билим берүү грантын алуу конкурсуна, ошондой эле келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларынын конкурсуна босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттерге гана катышууга уруксат берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Зеленский  Стамбулга келет

Украинанын президенти Владимир Зеленский  Түркиянын президент Режеп Тайып  Эрдогандын чакыруусу менен бүгүн  Стамбулга келет. Эки лидер “Орусия-Украина”  согушу жана  дан коридору келишими сыяктуу маселелерди талкуулашат. Жолугушууларда  «Орусия-Украина»  согушуна байланыштуу акыркы абалдар, мөөнөтү 17-июлда аяктай турган Дан коридору келишими жана эки өлкөнүн карым-катнаштары талкууланат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн