17-апрелге аба ырайы

Автор

Эртең, 17-апрелде күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 18…20° жылыйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия чемпионаты -2024: Раззак Бейшекеев күмүш медаль утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Спортчу 67 кг чейинки салмак ченинде мелдештерин 1/8 финалдык баскычынан баштап, катары менен 3-жолу жеңишке жетти. Монголия, Казакстан жана Түштүк Кореялык балбандарды утуп, финалга жолдомо алды. Алтын үчүн беттешин ирандык Эсмаели Лейвеси […]

Сизге жагышы мүмкүн