Үркүндү эскерүү жумалыгы өтөт

Автор

1916-жылдагы Үркүн каргашасын эскерүү жумалыгына байланыштуу өлкө аймагында бир катар иш-чаралар өтөт.

«Эсимде» изилдөө аянтчасы 9-август күнү саат 18:00дө «Үркүндү эскерүү тажрыйбалары» талкуусун өткөрөт. Анда «Үркүн бүтсүн» тасмасы көрсөтүлөт жана 1991-2023-жылдардагы 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларды эскерүү жүрүштөрү тууралуу сөз болот.

Ошондой эле, филология илиминин кандидаты Гүлзада Станалиева “Үркүн темасы адабиятта” аттуу ачык лекция окуйт. Иш-чара  Жукеев-Пудовкин 44/1 дарегинде «Эсимде» кеңсесинде өтөт. Башталышы 18:00.

Ал эми 10-12-август күндөрү Ысык-Көлдүн Тосор айылында эскерүү жүрүшү өтөт. Анда жөө жүрүшкө катышуучуларды тосуп алуу 10-августта болот. 11-августтан Тосор айылынан эки топко бөлүнүп, 1916-жылы эл Кытай тарапка качкан жол аркылуу жөө жүрүш башталат. Кыргын-Сайдан башталган жүрүш Дуулат-Булакка чейин созулат.

Мындай эскерүү жөө-жүрүшү бир канча жылдан бери өткөрүлүп келет. Иш-чараны «Тосор» коому уюштурат.

Августтун биринчи жумасы Үркүндү эскерүү жумалыгы. 1916-жылдагы трагедиянын эң оор күндөрү дал ушул күндөргө туура келген.

Бөлүшүү:
Next Post

 I жарым жылдыкта  соцжардам көрсөтүүгө 9,6 млрд сом бөлүндү

2023-жылдын I жарым жылдыгында калкка социалдык жардам көрсөтүү максатында республикалык бюджеттен 9,6 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.   Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:   – 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул “Үй-бүлөгө көмөк” – 2,7 млрд сом; – “Балага сүйүнчү” баланын төрөлгөндүгү үчүн бир жолку жөлөк […]

Сизге жагышы мүмкүн