АЛЫКУЛ жана АЙТМАТОВ

Автор

Аалам кандай өз тартибинен жазбайт, жарыктык. Бүгүн, 12-декабрь Алыкул Осмонов дүйнө салып, Чыңгыз Айтматов дүйнөгө келген күн. Айтылып бүтпөгөн Айтматов. Алыбыз жетпей окуган Алыкул Алп дүйнө. Булар кыргыз үчүн өлбөс эмгектерди жаратып кайтышты. Эми, алардын кайталангыс экинчи өмүрлөрүн кантип өрнөк кылабыз – ал биздин милдет. Ага даремет жетээр бекен деп менде жан жок. Жакында бир жазмакер агам түрктөргө барып, медреседе окуган балдардын Манас дастанына жана Чыңгыз Айтматовго болгон ынтызарлыктын күч экенине таң калып келди. Биздеги медреселерде кайсы илимдер окутулуп жатат? Чатагыбыз жоктой. Алыкулду изилдегендер деле тынч. Сыйлыгына келгенде эле байкуш болуп бүжүрөйбүз. Анын атындагы дөө шаа китепканага баш багып, беш китеп окуган жетекчи таппай шай ооду. Айта берсе, толтура көйгөй. Унчуксаң эле чарылдап жатып калышат. Баары эле гений. Уяласың унчукканыңа. Майрам деген так ушул көйгөйдү жойгондо болот. Биз муну унутпайлы!

Жылдыз Муслимова

Бөлүшүү:
Next Post

Өчпөс отту өчүргөндөр ата-энелери менен өлкөдөн чыгарылат

Санкт-Петербургдун Красное селосунда үч мигрант бала Түбөлүк отту кар менен өчүрүштү. Эми аларды үй-бүлөлөрү менен Россиядан депортациялоо алдында турат. Окуя 10-декабрдын кечинде болгон. Бул боюнча жарыялаган видеотасмада өспүрүмдөрдүн бири Өчпөс отко карды ыргытып, дагы экөө аны колдоп жатканын көрүүгө болот. Полиция балдардын 10 жана 14 жаштагы эки бир тууган жана […]

Сизге жагышы мүмкүн