Жай мезгили тууралуу кызыктуу фактылар

Автор

Жай – кичинекей жашоо… Жай дегенде эле, көз алдыбызга кереметүү көлдүн жээги, жайкы өргүү, төбөдөн тийген күн келет. Жай бул – эс алуунун, тайманбас саякаттардын жана кызыктуу сейилдөөлөрдүн мезгили, бул биздин көптөн күткөн эс алуу пландары жана гүлдөргө оролгон жыпар жыттар, мөмө-жемиштер жана жашылчалар, жарык жана салкындык менен жоомарт жылуу мезгил жөнүндө кыялдарыбыз ишке ашкан мезгил.

–  Түндүк жарым шарда жай айлары июндан августка чейин созулса, Түштүк жарым шарда декабрь айынан февралга чейин уланат.  Айрым өлкөлөрдө жай жыл бою өкүм сүрөт. Бул жагдай туристтердин ошол өлкөгө көп келүүсүн шарттайт.

– Айлана чөйрөдөгү абанын температурасы 40 градустан жогорулаганда адам баласынын денесинен саатына 1 литрге жакын тер иштелип чыгат.

– Мырзалар айымдарга караганда ысыкка туруктуу келет. Себеби, айымдарда теринин астындагы май эркектердикине салыштырмалуу көп өлчөмдө.

 

– Планетада жай таптакыр кездешпеген жерлер бар. Сөз албетте, Арктика жөнүндө болууда. Аймакта күндүн температурасы 1 градус Цельсийден жогору болгондо жай келди деп эсептешет.

 

– Жылына аталган мезгилде Эйфель мунарасы 15 см узарат. Мунун себеби ысык температура темирди жибитип жибергенинде.

 

– Окумуштуулардын жүргүзгөн изилдөөлөрүнө таянсак, биздин организм +71 градус ысык абаны 1 саатка чейин көтөрө алат деп белгилешкен.

 

– Жайдын эң узак күнү 21-июнда. Бул күнү жайкы күн-түн теңелүүсү орун алат.

 

– Сырттагы абанын температурасын чегирткенин чырылдаганынан билсек болот. 25 секунд ичинде канча жолу үн чыгарганын санап, ал санды 3кө бөлүп анан 4тү кошсок биз ошол учурдагы абанын температурасын биле алабыз. Далилденген фактты физик Амос Долбер иштеп чыккан.

 

– Саратан айларында жаан-чачын, чагылгандын түшүүсү, урагандардын орун алышы көп кездешет. Буга ысык аба менен муздак абанын кагылышуусу себеп болот.

 

– Эң ысык аба-ырайы АКШнын Калифорния штатында  +56,7 градус Цельсий катталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров 5 өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн резиденциялары үчүнчү өлкөлөрдө жайгашкан Палестинанын, Кувейт Мамлекетинин, Бахрейн Падышалыгынын, Дания Королдугунун жана Грузиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.   Ишеним грамоталарын Палестинанын Джавад Мохаммад Авад, Кувейт Мамлекетинин Омар Ахмед Мухаммед Мурад Аль-Кандари, Бахрейн Падышалыгынын Мохамед Гассан Мохамед Аднан Шайхо, Дания Королдугунун Якоб […]

Сизге жагышы мүмкүн