Ысык-Көл облусунда самбо боюнча Дүйнө кубогу башталды

Автор

Бүгүн, 22-август күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдештин программасына ылайык, бүгүн спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг салмак даражаларында, ал эми күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 59 кг, 65 кг, 72 кг салмак даражаларында беттештер өтөт.

 

Белгилей кетсек, мелдеш “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Болгария, Азербайжан, Армения, Кытай, ФИАС 1 (Россия), ФИАС 2 (Беларусия) жана Израилден келген спортчулар катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-казак чек арасында 430дан ашык жүк ташуу унаа кезекте турат

Бүгүн, 22-августка карата кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек – унаа жолу” көзөмөл өткөрүү пунттунда кезек күткөн унаалардын саны көбөйдү. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүн, саат 12:00гө карата чек арада 430га жакын унаа турат. Кечээтен бери Казакстандан Кыргызстанга 274 унаа өткөрүлдү. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, […]

Сизге жагышы мүмкүн