Бишкекте дзюдо боюнча Азия Кубогу өтөт

Автор

Бишкек шаарында дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында «Эр Жанек» ачык Азия Кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 10-11-июнда өтүп, анда жалпы 9 өлкөнүн (Багама Аралдары, Беларус, Казакстан, Литва, Непал, Түркмөнстан, АКШ, Өзбекстан жана Кыргызстан) 200дөн ашык спортчусу күч сынашат.

Кыргызстандын атынан бул мелдешке 62 спортчу катышат.

Белгилей кетсек, Азия Кубогунун жеңүүчүлөрү 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия ойнотулчу мелдештерге катышуу үчүн упай топтошот.

Бөлүшүү:
Next Post

Шойгу: Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулу учурунда 71 аскер курман болду

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу акыркы үч күндө Украинанын куралдуу күчтөрү каршы чабуулга өтүүгө аракет кылганын билдирди. Фронттун бардык тармактарында контрчабуул кайтарылды деп ишендирди министр. Шойгунун айтымында, чабуулдун мизин кайтаруу учурунда 71 россиялык аскер кызматкери каза болуп, 210у жарадар болгон. Шойгунун айтымында, 4-июнда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 23 жана 31-механикалаштырылган бригадаларынын […]

Сизге жагышы мүмкүн