Бишкекте баскетбол боюнча мелдеш өттү

Автор

Бишкекте спорттун 12 түрү боюнча «Мектеп лигасы» уланууда.

Муниципалитеттен маалымдашкандай, мелдештерге Бишкек шаарындагы 100дөн ашык жалпы билим берүүчү мектеп, гимназия жана жеке мектептердин 15 миңден ашуун окуучусу катышууда.

Программанын алкагында  баскетбол боюнча мелдештер аяктады. Турнирге 19 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында байгелүү орундарга төмөнкү командалар ээ болушту:

1-орун – №72 мектептин командасы;

2-орун – №95 мектептин командасы;

3-орун – №40 мектептин командасы;

4-орун – №47 мектептин командасы.

Кыздар арасында:

1-орун – №95 мектептин командасы;

2-орун –Bishkek International School (BIS) командасы;

3-орун – №31 мектептин командасы;

4-орун – №102 мектептин командасы.

Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери тиешелүү даражадагы кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Мелдешти Бишкек мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн чек арасындагы “Торугарт” өткөрмө бикети убактылуу жабылат

Бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт-автожол” бекети  убактылуу ишин токтотот. Бул тууралуу  УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын жаңыртууга байланыштуу бүгүн, 21-ноябрда саат 15:30дан 17:30га чейин “Торугарт-автожол” көзөмөл-өткөрүү бекетинде адамдарды, унаа жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн