Бүгүн, 22-августка карата кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек – унаа жолу” көзөмөл өткөрүү пунттунда кезек күткөн унаалардын саны көбөйдү.
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүн, саат 12:00гө карата чек арада 430га жакын унаа турат. Кечээтен бери Казакстандан Кыргызстанга 274 унаа өткөрүлдү.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз тарап машиналардын жай өтүшүнүн себептерин талкуулоо үчүн Казакстандын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуу маселесин карап жатат.
Белгиленгендей, КР УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан эч кандай чектөө киргизилген жок жана өткөрүү пункту күнүмдүк режимде иштеп жатат.