Чет элдиктерди тарткан туроператорлорго сый акы берилет

Автор

2024-жылдын 1-январынан тарта Өзбекстандын туроператорлору алып келген ар бир чет элдик үчүн 20 доллардан 100 долларга чейин дем берүүчү субсидияларды алышат.  Бул тууралуу президенттин 29-июлда күчүнө кирген жарлыгында  жазылган.
2024-жылдын 1-январынан тарта мамлекет туроператорлорго жана авиакомпанияларга чет өлкөлөрдөн Самарканд, Бухара жана Ургенч аэропортторуна чартердик каттамдарды уюштурууга кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн компенсациялайт.  Компенсация ар бир чет өлкөлүк турист үчүн бирдей үлүштө сум эквивалентинде 20 АКШ доллары өлчөмүндө, ал эми кыш мезгилинде – 20-ноябрдан 20-февралга чейин 50 доллар өлчөмүндө болот.
Булар менен бирге 2024-жылдын 1-январынан тартып инвесторлорго 2026-жылдын 31-декабрына чейин пайдаланууга берилүүгө тийиш болгон бийиктиги беш кабаттан кем эмес жаңы мейманкананы курууга жана жабдууга кеткен чыгымдардын бир бөлүгү компенсацияланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Алматы акими өрттөн каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Алматы шаарынын мэри Ерболат Досаев Аккенттеги өрттүн кесепетинен жакынын жоготкон Бекмухаметовдордун үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Аккент кичи районунда өрт 1-августта Алматыда Аккент кичи районундагы 16 кабаттуу үй өрттөнгөн. Окуя болгон жерден тартылган кадрларда терезеден секирип түшкөндөрдү, аял кичинекей баланы терезеден ыргытып жибергенин көрүүгө болот. Өзгөчө кырдаалдар департаменти өрттүн кесепетинен 30га жакын […]

Сизге жагышы мүмкүн