Лукашенко Россиядан Беларуссияны “өз аймагы катары” коргоону суранды

Автор

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушууда Минск республикага кол салуу болгон учурда коопсуздук кепилдигине муктаж экенин билдирди.
Беларус лидеринин айтымында, ал бул маселени Россиянын президенти Владимир Путин менен талкуулады жана ал аны баардык багыттар боюнча колдоду.
“Жалпысынан сүйлөшүүлөрдө Беларуска агрессия болгон учурда Россия Федерациясы Беларусту өзүнүн аймагы катары коргой турганы айтылды. Бизге ушундай коопсуздук кепилдиктер керек”,-деп баса белгиледи Лукашенко.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдөн 3 миң тонна таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 3 миң тоннага жакын таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 12-мартта башталган масштабдуу иш чарада жалпы көл бетинен 39 миң гектар аянты камтылып, суу астынан 2.835 тонна ар түрдүү таштандылар, 34.500 метр балык улоочу тор чыгарылган. Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде […]

Сизге жагышы мүмкүн