Улуу Британияда сезондук жумушка 26 миңдей жаран арыз жазды

Автор

26 миңден ашуун кыргызстандыктар Улуу Британияда сезондук жумушка баруу үчүн арыз берип, алардын 14,7 миңи тандоонун биринчи этабынан өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эмгек министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Британиянын айыл чарбасында сезондук ишке орноштуруунун программасына катышууну каалаган кыргызстандыктарды «Hops Labor Ltd» оператору аркылуу онлайн-каттоодон өткөрдү.
Жети сааттык каттоодо 26 миң 170 адам өз арыздарын беришкен, алардын ичинен 14 миң 735 адам оператор тарабынан биринчи тандоо этабынан ийгиликтүү өткөн.
Тандап алуунун биринчи этабы анкетаны толтуруунун тууралыгын, gmail дарегинин болушун жана «HopsLaborLtd» оператору тарабынан аныкталган башка критерийлерди текшерүүнү камтыды.
Тандоонун биринчи этабынан өткөн жарандардын тизмесин сайттан көрсө болот www.migrant.kg.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан менен Түркия билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдейт

Кыргызстан менен Түркия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ Анкара шаарында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева түркиялык кесиптеши Юсуф Текин менен эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын негизги аспектилерин талкуулады. Тараптар учурдагы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим берүү тармагындагы […]

Сизге жагышы мүмкүн