Кыргызстан менен Түркия билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдейт

Автор

Кыргызстан менен Түркия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ Анкара шаарында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева түркиялык кесиптеши Юсуф Текин менен эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын негизги аспектилерин талкуулады.
Тараптар учурдагы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим берүү тармагындагы макулдашууну жаңылоонун келечегин талкуулашты. Ошондой эле билим берүү жана маданий алмашууну бекемдөө максатында Ван провинциясынын Улупамир айылына мугалимдерди жиберүү жөнүндө Протоколго кол коюунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Мындан сырткары, жолугушууда тараптар сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу үчүн STEM предметтеринин (илим, технология, инженерия, математика) мугалимдерин кайра даярдоо программаларын активдүү колдоого жана өнүктүрүүгө даярдыктарын билдиришти.
Жолугушуунун соңунда тараптар эмгек рыногунун керектөөлөрүнө жооп берген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо максатында эки өлкөнүн кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, талкууланган демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууга жана билим берүү тармагында жемиштүү кызматташууну улантууга ишеним артарын билдиришти.

Бөлүшүү:
Next Post

Америкалык хирург узак жашоонун үч сырын ачты

Америкалык хирург жана бир нече китептердин автору Энтони Юн белгилүү бир эрежелерди сактаса жашоо узак болот деп эсептейт. Эксперттин айтымында, ал үчүн үч эреже сакталышы керек. Биринчиси тамактанууга тиешелүү. Юндун айтымында, тамактанууда 12ден 16 саатка чейин тыныгуу керек. Бул клетка ичиндеги жаңыланууну стимулдаштыруу үчүн зарыл. Экинчи эреже, үзгүлтүксүз күч машыгуулары […]

Сизге жагышы мүмкүн