Токаев кырдаал оор экенин жарыялады

Автор

Казакстандын бир катар аймактарын каптаган ири көлөмдөгү суу ташкындарынан улам абал өтө оор бойдон калууда. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев Илим жана техника боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.
«Белгилүү болгондой, өлкөнүн бир катар аймактары 80 жылдан ашык убакыттан бери боло элек катуу суу ташкындарынан олуттуу зыян тартты. Көптөгөн калктуу пункттарды суу каптап жатат. Жалпысынан абал абдан оор. Азыр өкмөт ыкчам түрдө бардык зарыл чараларды көрүп жатат. Мен тиешелүү көрсөтмөлөрдү бердим»,-деди.
Өлкө лидеринин айтымында, 1980-1985-жылдары дүйнөдө 1,7 миңге жакын табигый кырсыктар катталса, 2010-2015-жылдары алардын саны 3,7 миңден ашкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия чемпионаты-2024: Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы 3-орунду ээледи

Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Кыргызстандын намысын он спортчу коргогон. Анда кыргыз балбандары 1 алтын, 1 күмүш жана 2 кол медалга ээ болгон. Байгелүү орундарга ээ болгондор: Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) — алтын медаль; Улукбек […]

Сизге жагышы мүмкүн