Илон Маск немистердин Leopard 2 танктарына баа берди

Автор

Америкалык миллиардер Илон Маск өзүнүн Twitter баракчасына украин аскерлери немистердин Leopard 2 танктарын жоготкондугу тууралуу комментарий берди.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын бири пост жарыялап, анда Leopard 2лерди колдонууга украин аскерлери жетишээрлик деңгээлде даярданбаганын айтып, мүмкүн болгон жаңы жабдыктар текке кетет деп эсептеген.
“Аз сандагы танктар танкка каршы курал жана миналар менен оңой жок кылынат”, – деп пост жазган ишкер Илон Маск “же көп болуш керек, же такыр болбош керек”,-деген.
Украинанын коргоо министри Алексей Резниковдун айтымында, май айынын соңуна карата Батыш өлкөлөрү Киевге 60тай Leopard 2 танкасын жеткирген. Германиянын Экономика министрлиги да Украинага 178 Leopard 1A5 танкын экспорттоого уруксат берген.
Ишемби күнү Россиянын Коргоо министрлиги Южнодонецк жана Запорожье багытында чабуул жасоо аракетинде төрт Leopard 2 жок кылынганын, жекшембиде дагы үч унаа жок кылынганын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто кландык башкаруу жүрүп жатабы?

“Ош облустук бийлигинде кландык башкаруу орун алып жатат”,- деп билдирди коомдук активист Мирлан Орозбаев. Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директорлугунан Ош облусунун губернаторлугуна дайындалган Элчибек Жантаев түштүк аймагы боюнча мурдагы орун басары Зарлык Тургунбаевди губернатор болуп келгенден кийин кайра өзүнө орун басарлыкка дайындаган. Учурда облусттун бардык иштери Зарлык […]

Сизге жагышы мүмкүн